Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 04.07.2019 18:06 На русском

Ошто көп дары ичип алган 30 жаштагы келин ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 30 жаштагы келин көп өлчөмдө дары ичип, ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Кечээ, 3-июль күнү көп өлчөмдө дары ичип алган Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну К.М. Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда келиндин абалы туруктуу экенин аталган ооруканадан билдиришти.

К.М. саат 12:30 чамасында тез жардам кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген. Кандай дарыларды ичкени белгисиз. Келинге алгачкы жардам көрсөтүлгөн.

«Туугандары келбей жатканына байланыштуу ооруканадан чыгарыла элек», - деп билдиришти булактар.

Жыл башынан бери Ош шаарында 10 адам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында 30 жаштагы келин кайын энеси менен болгон пикир келишпестиктен улам өзүнө өзү бычак сайганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×