Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 05.07.2019 14:57 На русском

Ноокаттыктар үлүш жерлерин 60 орундуу бала бакча үчүн беришти. Видео

Калинин айылындагы бала бакчанын курулушу
Калинин айылындагы бала бакчанын курулушу

Turmush -  Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушун каржылап жатышат. Буга чейин аталган айылда бала бакчанын эски имараты гана бар болчу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жашоочулар билдиришти.

Айылда бала бакчанын жоктугу көйгөй жараткандыктан тургундар үлүш жерлерин айыл өкмөттүн балансына өткөрүп беришкен. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баатырбек Мамарасуловдун айтымында, жер муниципалдык менчикке өткөрүлүп, андан кийин демөөрчүлөр табылган.

«2019-жылы ушул жерге бала бакча курабыз деп пландаганбыз. Апрель айында тургундар үлүш жерлерин айыл өкмөттүн балансына өткөрүп беришти. Айылдык кеңештин макулдугу жана айыл өкмөттүн токтому менен жерди муниципалдык менчикке чыгарып алдык. Азыр жеке ишкерлердин колдоосу менен бала бакча курулуп жатат. Алардын көпчүлүгү ушул айылда чоңоюшкан, бирок Россиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашап, иштешет. Андан сырткары жергиликтүү жеке ишкерлер дагы көмөктөшүп жатышат. Бала бакча курула турчу жерден тышкары дагы башка жер бар. Ал жакка футбол жана волейбол аянтчасын курууну пландап жатабыз», - дейт айыл өкмөт башчы.

Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Нурсеит Жаңыбаев да аталган жерге бала бакча куруу боюнча токтом чыкканын тастыктады.

«Кара-Таш айылдык кеңешинин 21 депутатынын колдоосу менен аталган жерге бала бакча куруу боюнча токтом чыгарганбыз. Мурун бул жай тамеки сарай болгон. Кийин ал кароосуз калып, жергиликтүү тургундар бала бакча куруу маселесин көтөрүшкөн», - деди Н.Жаңыбаев.

Бала бакча курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7,1 миң метрди түзөт. Бала бакчанын курулушун каржылоого демөөрчү табуу үчүн тургундар Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго да кайрылышкан.

«Бала бакча, ФАПтын имараттары бузулгандан кийин бала бакча, оорукана, спорт зал керек болду. Аларды куруп бере турган адамдарды издеп баштадык. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго кайрылдык. Ал бизге демөөрчүлөрдү таап берди», - деди жергиликтүү тургун Калима Жаңыбаева.

Дагы бир тургун Айымкан Боронбаева балдары ысык-суукта алыс жактагы бала бакчага баргандыктан, аталган маселени көтөрүшкөнүн кошумчалады.

Мигранттардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулуп жаткан бала бакчанын курулушуна 20 млн сом сарпталары пландалууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×