Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуӨзгөн району 05.07.2019 16:51 На русском

Видео — Стадиондун кароолканасында оорукчан уулу менен күн кечирген эненин тагдыры

Салима Дүйшеева небереси менен
Салима Дүйшеева небереси менен

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн 59 жаштагы тургуну Салима Дүйшеева 6 жылдан бери айылдагы стадиондун кароолканасында жашап келет. Анын жолдошу ооруп жүрүп, кароолканага көчүп келишкенден кийин каза болгон. С.Дүйшеевадан аймактык кабарчы кабар алды.

Буга чейин Turmush басылмасы Кароол айылындагы футбол ойноочу жайдын кароолканасында 6 балалуу болгон жалгыз бой эне жашап жатканын жазган. Жолдошу экөө Казакстанда иштеп, жашап келишкен.

Салима Дүйшеева: - «Жолдошум трактор айдап, Куршабда өкмөт берген бир үйдө жашап жүрдүк. Мен айыл өкмөттө пол жууп иштечүмүн. Бирок жолдошум каза болгондон кийин үйдө оорукчан баламды караш үчүн иштебей калдым. Балам 3 жашынан бери жүрөк оорусу менен жабыркап келет, 2-топтогу майып. Үйдүн ичи бетон болгондуктан көп ооруп, демигип калат. Улуу балам бирөөнүн үйүндө устачылык кылып жүрүп, сыртка тапчан жасап берди. Кайын журтум тараптан бир гана оорукчан кайын иним бар.

2 уул, 4 кызым бар. Уулуу балам гана ар жерде устачылык кылып, бизди камсыздап турат. Кыздарым турмушка чыккан. Бирөө Казакстанга кетип, бирок күйөөсү каза болуп, кайра келди».

С.Дүйшеева мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбей турганын билдирди. 2-топтогу майып уулуна 3 миң 300 сом акча чегерилген. Ал каражатка ай сайын уулун ооруканада дарылатып турат.

Салима Дүйшеева: - «Пенсияга чыгуу үчүн социалдык адиске барсам үлүш жериңиз, эмгек китепчеңиз жок экен, 1000 сом чыкса чыгат, болбосо жок деп койду. Документтерге да чуркашым керек экен. «Андан көрө базар шыпырсам андан көп алам, мени шылдыңдаганыңарбы?» деп албай койдум. Буга чейин үйдү бошоткула деп көп айтышчу, акыркы күндөрү айтпай калышты. Алар деле башка бара турган жерим жок экенин көрүштү. Жер беришсе, эптеп ылайдан болсо да эки бөлмөлүү үйлүү болуп калсам деген тилегим бар».

Ал эми Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Мурзабеков август айларында жер маселеси чечилсе, биринчи болуп С.Дүйшееванын үй-бүлөсүнө үлүш жер берилерин айтты. Ошондой эле үй курууга да көмөктөшө турганын билдирди.

Turmush басылмасы С.Дүйшеева 20 жаштагы оорукчан уулу жана бир кызы, 2 небереси менен чогуу оор абалда күн кечирип келе жатканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×