Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуӨзгөн району 06.07.2019 19:00

Өзгөндө эки айылдын эли таза суу менен камсыз болду

Turmush -  Өзгөн районунун Ийри–Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жийде жана Кыргызстан айылдарында таза суу чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

4-июль күнү аталган айылдарда таза суу чыгарылгандыгына байланыштуу салтанатту иш-чара уюштурулуп, ага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Акболуш Тилленбаев жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Акболуш Тилленбаевдин айтымында, таза суу чыгаруу үчүн эски түтүктөр жаңыланып, жумуштарга 51 млн сом бөлүнгөн.

«Буга чейин эки айылда таза суу саат-сааты менен берилип келген. СССР учурунда орнотулган суу түтүктөрү эскирип, жарактан чыга баштаган. Республикалык бюджеттен эки айылга 51 млн сом бөлүнүп, таза суу чыгарылды. Мындан ары таза суу үзгүлтүксүз берилет. Эки айылда жалпы 5 миң 500 калк бар», - деди ал.

Ийри-Суу айыл өкмөтүндө 7 айыл бар. Учурда Жаңгакты айылы менен Корс-Этти айылдарында дагы таза суу чыгаруу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Айыл өкмөттө жалпысынан 10 миң 300 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×