Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 06.07.2019 21:43 На русском

Ошто унаасы менен сууга кирип кеткен айдоочуну куткарып калышты. Сүрөт

Turmush -  Ош шарында куткаруучулар унаасы менен сууга кирип кеткен айдоочуну куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 6-июлда болгон. Мушкетов көчөсүндө “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги сууга кирип кеткен. Куткаруучулар унаанын ичинен 1972-жылы туулган айдоочуну (эркек киши) алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Айдоочунун абалы туруктуу.

Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×