Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 07.07.2019 13:23 На русском

Ошто түнү менен селдин кесепеттерин жоюшту (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында сел каптаган үйлөр тазаланды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

5-июль күнү катуу жааган жамгырдан улам шаардагы 223-кварталда жайгашкан айрым үйлөрдүн короосун сел каптаган. Анын кесепеттерин жоюу үчүн (арыктарды тазалоо жана жер төлөдөгү сууларды сордуруу) шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана «Ош шаардык суу канал» ишканасынын кызматкерлери тартылып, алар түнү бою атайын техникалардын жардамы менен иш алып барышкан.

«Кол менен тазалашканда жумуш узакка созулмак. Өрт куткаруу бөлүмүнүн насостон башка техникасынын жоктугу өкүндүрөт. Жардам үчүн чоң рахмат», - дешти жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×