Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Суу району 07.07.2019 18:45 На русском

Милиция сот аткаруучуга кол көтөргөн аялдын ишин тергеп жатат. Видео

Сот аткаруучу Мелисбек Касымалиев
Сот аткаруучу Мелисбек Касымалиев

Turmush -  Кара-Суу районунда сот аткаруучуга кол көтөргөн аял боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарга сот аткаруучуну түрткүлөгөн аялдын видеосу тараган. Видеодогу аялдын үстүнөн 6-июль күнү Ош ОИИБ тарабынан Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Окуя 28-июнь күнү болгон. Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын адиси – 1977-жылы туулган Мелисбек Касымалиев жергиликтүү тургундун үйүнө соттун чечимин аткаруу үчүн барган. Жергиликтүү тургун Э. (аял киши) бирөөнүн менчик жерин тосуп алган. Бирок ал соттун буйругун аткарбай, тосулган жерди ээсине кайтарып берүү үчүн барган сот аткаруучуга каршылык көрсөткөн.

Сот аткаруучу Мелисбек Касымалиев: - 28-июнь күнү саат 10:00 чамасында Э. аттуу жарандын үйүнө баргам. Барсам Э. үйүнүн экинчи кабатынан бизди көрүп, түшүп келди. Эмне үчүн келгенимди айтсам, мени тааныбай турганын айтып, жакалап кирди. Мен анын катышуусунда акт түзүшүм керек болчу. Акт түзүп, дарбазасына кыстырып, жумушка кеткем.

Ал эми Э. сот аткаруучуну билбей урушуп жибергенин айтты.

«Мага сот аткаруучу келди. Мен аны билбей эле дарбазанын сыртына чыгарып коюптурмун. Эртеси жолугуп, маселени чечишип алдык», - деди тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×