Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуКара-Суу району 08.07.2019 17:13

Папан айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызматынан убактылуу четтетилди

Курбанбек Мияшев
Курбанбек Мияшев

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы Курбанбек Мияшев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул маалыматты К.Мияшев өзү тастыктады.

Анын жумуштан четтетилишине мурунку айыл өкмөт башчы Эрмат Исмаилов жана мурунку жооптуу катчы Радахан Самиеванын тергөө иштери себеп болгон. Учурда Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин жооптуу катчы Назарбай Орозов аткарып жатат.

К.Мияшев 22-май күнү Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Эрмат Исмаилов 26-апрель күнү өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

-------------------------------

Буга чейин Э.Исмаиловго жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиевага мыйзамсыз жер сатуу боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал тергөө иштеринин алкагында убактылуу кызматынан бошотулган.

Кара-Суу райондук соту 2018-жылдын 25-декабрында Э.Исмаиловго жана жооптуу катчысына карата козголгон кылмыш иши боюнча чечимин чыгарган. Райондук сот Э.Исмаиловду актап, жооптуу катчысына 100 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

-------------------------------

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×