Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 08.07.2019 20:00

Ноокатта 1,6 млн сомго унаа жол жарыктандырылды

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсү жарыктандырылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Совет Мурзакулов билдирди.

Буга чейин жергиликтүү айдоочулар жана тургундар жолдун четиндеги чырактар 33 жылдан бери алмаштырылбай турганына нааразы болушкан.

«Биздин айылдын борбордук жолунан Ош—Баткен каттамы аркылуу күнү-түнү унаалар каттагандыктан жарыктандыруу зарыл болчу. Учурда 5 км жол жарыктандырылды. Атайын тендер өткөрүлүп, жумуштар 1 млн 600 миң сомго бүткөрүлдү», - деди С.Мурзакулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×