Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 09.07.2019 10:02

Оштун жаш футболчулары Өзбекстандагы мелдеште 3-орунду алышты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын жаш футболчулары Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде 3-орунду алышты. Бул тууралуу машыктыруучу Учкун Абдыжапар уулу билдирди.

Өзбекстандын Наманган облусунда 1-7-июль күндөрү «UMID CUP» деген аталыштагы футбол мелдеши өтүп, ага Ош шаарынын 14 жаштагы футболчулары катышып келишкен.

Машыктыруучунун айтымында, мелдешке Өзбекстандын жана Тажикстандын футбол командалары катышкан.

«Турнирде биздин тайпада 10 команда ойноду. Ага Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын 1, Наманган облусунун 3, Маргилаң, Кокон, Андижан, Бухара шаарларынын командалары кирди. Биздин команда финалга чыгуу үчүн Ташкенттин "Трактор" деген командасы менен беттешип, бирок жеңилип калды. Ошондуктан 3-орун үчүн ойноп, атаандашты уттук», - деди машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×