Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАлай району 09.07.2019 10:26 На русском

Алайдагы эски ФАП оңдолуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы 1981-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн ФАПтын имараты оңдолуп, пайдаланууга берилди. Буга чейин 40 жылдан бери оңдолбогон имараттын ичин ным тартып, эшик-терезелери эскирген. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ФАПтын имаратын оңдоп-түзөө үчүн Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосун Камилов атайын долбоор жазып, ага республикалык гранттык эсебинен каражат бөлүнгөн. Айыл өкмөт башчынын айтымында, имарат ысык жана муздак суу менен камсыздалып, эшик-терезелер жаңыланып, ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

ФАПтын ачылышына Алай районунун акими Замирбек Молдокулов, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×