Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 09.07.2019 13:04

Сүрөт — Ошто базардын айланасындагы мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Фрунзе» базарынын айланасындагы мыйзамсыз күркөлөр жана курулуштар бузулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мыйзамсыз курулуштарды алуу бөлүмүнүн башчысы Эшболот Аматовдун маалыматына караганда, ушул жылы «Фрунзе» базарынын айланасында 450 мыйзамсыз орнотулган күркөлөр жана курулуштар алынган.

Ал эми рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз курулган 8 күркө, 1 тандыр жана 10дон ашуун бастырма алынган.

Рейд шаардын башка кичи райондорунда дагы уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×