Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 09.07.2019 13:45 На русском

Ошто 24 жайлоо бала бакчасы уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун 5 районунда 24 жайлоо бала бакчасы уюштурулуп, ал жакта 595 бала тарбияланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айжан Мамаева билдирди.

Анын айтымында, тоолуу райондордо жайлоо бала бакчалары, ал эми Араван жана Өзгөн райондорунда лагерлер уюштурулган.

«Долбоор жергиликтүү бийликтин каржылоосу менен ишке ашып жатат. Алай районунда 5, Кара-Сууда 3, Чоң-Алайда 7, Кара-Кулжада 8, Ноокатта 1 жайлоо бала бакчалары уюштурулду. Ал эми Өзгөн жана Араван райондорунда 5 лагерь уюштурулуп, тарбиячылар тандалып алынды. Лагерлерде балдарга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө», - деди А.Мамаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×