Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 09.07.2019 15:42 На русском

«Буга чейин 4 баланы куткарып калгам»: Айдоочу каналдан 8 жаштагы Билалды алып чыкты

Медет Маткалыков
Медет Маткалыков

Turmush -  Ош шаарында 20 жылдан бери айдоочу болуп иштеген Медет Маткалыков 10 күн мурун каналда агып бара жаткан 8 жаштагы баланы куткарып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Медет мырза окуя болгон күнү унаасы менен — №122 каттамдагы кичи автобусту Дача айылынан шаарды көздөй башкарып бара жаткан. Ошол учурда ал сууга башы кирип-чыгып агып бара жаткан баланы көрүп калган.

«Эртең менен саат 10:00 чамасы болчу. Алгачкы каттам менен шаарга барып келип, экинчи ирет кайра бара жаткам. Окуя болгон жердеги айылдан Араван каналы аралап өтөт. Суу чоң адамды жөн эле көмөт. Биринчи аялдамадан киши алып бара жатканда сууда агып бара жаткан баланы көрүп калдым. Унааны токтотуп эле футболкамды чечип, дароо каналга секирдим. Мен жеткенче бала колун гана эптеп чыгарып калды. Оң колунан кармап өйдө көтөрүп, жээкти көздөй тартып жөнөдүм. Суунун чоңдугунан жээкке чыга албай кыйналып, 20-30 метрдей агып барып, анан бир түтүктү кармап чыгардым. Жээкте чоң кишилерден эч ким жок экен. Кубат деген бала келип калып, ага баланы бердим. Баланын абалы жакшы болчу. Үйүнө алып кетишкен. Өзүм да чарчап, ошол жерде жарым сааттай отурдум», - деди М.Маткалыков.

Анын айтымында, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы жана сууга аккан баланын чоң апасы ага ыраазычылыгын айтышып, атайын белектерди тапшырышкан. 8 жаштагы бала чоң энесинин колунда экени белгилүү болду.

«Угушума караганда, мен куткарып калган баланын апасы Россияда экен. Атасы жөнүндө уккан жокмун. Бала 8 жашта, аты-жөнүн Билал Эрмеков деп уктум. Анын кичинекей карындашы бар экен. Окуя болгон күнү чоң энеси базарга барганын айтты. Бала каналдын жээгинде ойноп отуруп, түшүп кетиптир. Буга чейин да ушул эле каналдан 4 баланы куткарып калгам. Агып бара жаткан адамды куткарыш өтө кыйын. Ал сени кошо агызып кетиши мүмкүн. Каналга аккандар көп болот. Ушул каналдын жээгин тосмо менен тосуп, коопсуз кылып койсо жакшы болот эле», - деди Медет мырза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×