Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуКара-Суу району 09.07.2019 16:31

Уктап жаткан агасын балталаган шектүү: Дарыгерлер кандай бүтүм чыгарды?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда өз агасын балталап өлтүргөн жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин шектүүнүн психикалык жактан жабыркай тургандыгы айтылгандыктан атайын экспертиза жүргүзүлгөн.

«Тергөө аяктап, иш 28-июнда Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлдү. Шектүүнү жакындары "акыл-эси кем" деп айтышканынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында шектүүнүн акыл-эси жайында экендиги аныкталган. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө агасы “ичпейсиң, мен сени көп жолу дарылатып адам кылдым” деп колундагы арагын алып, жерге чаап сындырганы үчүн аны уктап жаткан жеринен балталаганын айткан», - деди Ж.Ашырбаев.

1-апрель күнү Кара-Суу районунун 48 жаштагы тургуну Т.Ж.нын денеси өзүнүн үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип анын бир тууган иниси Д.Ж. кармалган болчу. Шектүү кылмышын мойнуна алып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга камалган. Анын ишин Кара-Суу райондук соту карайт.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен бир нече жолу башына чаап өлтүрүүгө шектелип жатканын жазган.

Окуя тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгына 1-апрелге караган түнү саат 4:00 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган.

Маданият айылынын башчысы Рустам Тойгонбаев кылмыш арактын айынан болушу мүмкүн экендигин айткан.

«Иниси арак ичет экен. 2 күн мурун Д.Ж. агасынын үйүнө эки бөтөлкө арак алып барыптыр. Агасы ал арактарды сындырып, инисине ичкилик ичүүгө тыюу салган экен. Ошого өчөшүп, түндө балта менен чаап салыптыр деген божомолдор айтылып жатат. Д.Ж. жакында эле Орусиядан келген. Ооруп келген окшойт. Маркумдун артында 1 уул, 1 кызы калды. Ал эми инисинин үй-бүлөсү жок экен, ажырашып кеткен окшойт», - деген Р.Тойгонбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×