Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 10.07.2019 08:38

А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму жылдырылды

9-июлда өткөн сот отуруму
9-июлда өткөн сот отуруму

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши боюнча соттук отурум 23-24-июлга жылдырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 9-июль күнү Ош шаардык сотунда Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун кылмыш иши каралган. Анын алкагында Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлери, маркум А.Мамажакыповдун жана анын мурунку орун басары Эмил Ажибековдун (окуя болгон күнү тоого баргандардын бири) айдоочусу, андан сырткары Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперти суралган.

Turmush басылмасы кечээ, 9-июлда өткөн отурумдун башында шектүүнүн жактоочусу Сартпай Жайчибеков судья Жолборс Кудаяровду алмаштырууну суранганын жазган. Ал бир нече факторлорду эске алып, «кылмыш иш менен толук тааныша электе эле сот башталып кетти» деп, судья Ж.Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок мамлекеттик айыптоочулар жактоочулар буга чейин кылмыш иш менен таанышып чыгышканын, ошондуктан жактоочунун өтүнүчү негизсиз экенин билдиришкен.

Маркум А.Мамажакыповдун мыйзамдуу өкүлү Мамашарип Мамажакыпов (маркумдун агасы) жана жакындарынын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да шектүүнүн жактоочуларынын өтүнүчүнө каршы болушкан.

Ал эми шектүү Мелис Калыков жактоочуларынын өтүнүчү негиздүү экенин билдирген.

Сот отурумунда төрагалык кылган судья Жолборс Кудаяров кеңешме бөлмөсүнө барып келгенден кийин шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×