Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 11.07.2019 12:51 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокуратуранын бөлүм башчысы маркумду бут кийиминен тааныганын айтты. Видео

Бийкелди Акматов
Бийкелди Акматов
// Turmush

Turmush -  9-июль күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралды.

Сот отурумунун жүрүшүндө Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Бийкелди Акматов суралды. Ал маркум А.Мамажакыповду издөө иштерине катышкандардын бири болгон.

Бийкелди Акматов: - 2018-жылдын 16-ноябрында Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Азамат Калыков тойго чакырган. Тойго коллектив менен барганбыз. Ал жерде «тоого чыгып, эс алып келебиз» деген сөздөр болуптур. Тойдо ызы-чууда мага жакшы угулган эмес. Облустун прокурору Анарбай Кубатидинович (маркум А.Мамажакыпов) «сен да барасыңбы?» деп сураган. 17-ноябрь студенттердин күнү болчу. Келинчегим студент болгондуктан ал күнү балдарымды карап калгам. Бутум да ооруганына байланыштуу тоого баруудан баш тарткам.

Эртеси жумушка келгенбиз. Жумушта 2019-жылы 1-январда колдонууга кирген жаңы кодекстер боюнча семинар болмок. Мен ошол боюнча саат 15:00гө чейин иште болуп, андан кийин балдарымды карап, үйдө болдум. Саат 22:30-23:00 чамасында Баткен облусунун прокурорунун улук жардамчысы Рыскелди Кушубеков чалган. Мен үйдө уктап жаткам. «Каяктасыз? Баткен облусунун прокурору келбептир, тезинен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө келиңиз» деди. Эмне болду десем, «ошол жерге келе бериңиз» деди. Унаам менен Баткен РИИБге бардым. Барсам ак түстөгү «Лексус» унаасы турган экен. Ал жерде Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков жана Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Аширалиев сүйлөшүп турушкан. Ошол жерде биздин бөлүмдө иштеген Аскар Исмаилов, Баткен облусунун прокурорунун ошол кездеги орун басары Арсланбек Байболсунов, Анарбай Кубатидиновичтин уулу Ибрагим унаа менен келип, токтоп калышты. Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имарытынын алдына келдик. Мен окуя боюнча такыр билген эмесмин. Шефтер «издегиле, жолдун эки четин 50 метрге чейин карап чыккыла» дешти.

Ошол кезде Байболсунов «Мелис Калыковду кайдан табабыз?» деп сурап калды. Мен аны Азамат Калыков аркылуу тапса болорун айттым. Унаамды айдап кетип бара жатканда Азамат Калыковду көрүп калдым, ал унаасы менен келе жатыптыр. Анын артынан үйүнө чейин барып, окуя тууралуу маалыматым жок болгондуктан Мелис Калыковду Арслан Байболсунов издеп жатканын айттым. «Тынчылыкпы?» деп сураганда, «ал (Мелис Калыков) башкарып жүргөн унаа окшойт, кандын тактары менен көчөдө турат» дедим. Анан Байболсунов менен байланышайын деп жатканда М.Калыков «Хонда Цивик» унаасы менен келип калды. Мен окуя тууралуу билбегендиктен ал жерде көп сүйлөшкөн жокпуз. Ал (М.Калыков) үйүн көздөй кетти. Мен Байболсунов менен байланышып, Мелис жана Азамат Калыковдорду тапканымды айттым.

Биз Мелис Калыковдун үйүнө келгенде алар да (Байболсунов) келишти. Анан Мелис Калыковду эшикке чакырып чыктык. Байболсунов «шеф кана, үйүнө барбаптыр го» деп сураганда, «я откуда знаю, үйүнө таштап койдум го» деп жооп берди. Байболсунов «үйүнө келбептир, келсе үйүндө болот эле да» деди. Мелис Калыков «Мамажакыповду үйүнүн үстүндөгү төрт көчөнүн кесилишине таштадым» деп жооп берди. Ошол учурда кепкасында канга окшош так бар экен. Мен кепкасында так бар экенин айтсам, Байболсунов «кепкаңда так бар экен го» деди. Ошол учурда милиция кызматкерлери келишкен. Мен унаама түшүп, Азамат (Калыков) акени алып, окуя болгон жерге («Лексус» табылган жерге) кеткем. Баткен РИИБге бардык. Мелис Калыковду ал жакка алып барышкан жок. Андан соң Баткен ШИИБге бардык. Ал жерге барганда саат канча экени эсимде жок, Мелис Калыковду алып келишти.

Ал жерде адам көп болчу, издөө иштерин жүргүздүк. Облустук прокуратуранын кызматкерлери 5-6 унаа менен ар кайсы жерлерди издешти. Түнкү саат эки-үчтөрдөбү, так эсимде жок Анарбай Кубатидиновичтин бир тууган иниси жана агасы келди. Ал жерде сүйлөшүп туруп калдык. Анан Анарбай Кубатидиновичтин бир тууган иниси Абдрашит менен А.Мамажакыповдун үйүнө эс алып жаткан жокпу деп бардык. Анан маркум прокурордун агасы Мамашарип аке (байке) бычак кан экен дегенинен мен алар менен бирге прокурорду издей баштадым. Көлгө чейин издедик. Кайра келдик. Эртеси күнү саат 6:30да издөө иштерин жүргүзөбүз деп пландаганбыз. Аңгыча эле Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков «шефти тааптыр, өрттөп салыптыр, Кочкорбаев айтты» деп калды. Окуя болгон жерге барып эле Анарбай Мамажакыповдун денесин күйгөн абалда көрдүк. Аны таанып болбойт болчу. Тааныла турчу бут кийими менен сырткы кийиминин бир бөлүгү калыптыр. Ошондон тааныдык. Андан кийин Башкы прокуратурага атайын билдирүү беришим керек болчу. Жумушума барып, маалымат жаздым.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
25.06.2019«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео
02.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тоодо «Ауди» болгонун прокурордун эсине салды. Видео
03.07.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Прокурордун орун басары маркумдун денесин атайын аппарат менен издеген. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×