Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Талас облусуТалас району 11.07.2019 17:32

Айыл турмушу: Таластык агроном К.Субаналиев кесибин таштап, унааларды оңдогон уста болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 35 жаштагы тургуну Каныбек Субаналиев унааларды оңдоп, устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча агроном.

«Өзүм кичине кезимде эле унаа айдаганды жакшы көрчүмүн. Ошондон улам унаа айдаганды эрте үйрөнгөм.

Бир жолу атамдын унаасын сурабастан айдап кеттим. Ошондой учурда сөзсүз түрдө бир нерсе болот же унаа бузулат (күлүп). Жаңы эле үйдөн чыкканда унаа өчүп калды. От албайт, эмне кылаарымды билбейм. Анан унаа оңдоп жүргөн кишидей болуп капотун ачып алып карап жатам, бирок бир нерсени түшүнсөмчү. Атам унааны көрүп калып, «кайсыл жери бузулуп жатат?» деп сурады. Мен коркконумдан унчукпай тура бердим. Анан өзү оңдоп, мен жанында жардам бергем. Ошондо биринчи жолу унаанын тетиктерин кармап көрүп, колум кара май болгон. Унаа оңдолуп бүткөндөн кийин атамдан катуу тил уккан болчумун.

Кийин мектепти аяктаган соң агроном болууну туура көрдүм. Жогорку окуу жайды аяктап, диплом алгандан кийин Талас токой чарбасына жумушка орношуп, өз кесибим менен иштеп калдым. Ошол учурда эле өзүмдүн унаамдын бузулган жерлерин оңдоп алчумун. Мурда өзүмдүн унаамды оңдоп жүрсөм, кийинчерээк элдикин кошо оңдой баштадым. Акырындык менен бул жумушка көчүп, токой чарбадагы жумуштан кеттим. Азыркы учурда өзүбүздүн айылдагы чакан унаа оңдоочу жайда элге кызмат көрсөтүп жатам.

Эл менен иштешсең көп кызыктуу окуяларга туш болосуң. Кээ бир кардарлар өз оюн түшүндүрүп айта алышпай, унаасын оңдоп бүткөн кийин «туура эмес кылып коюпсуң, мындай жасабайт белең?» дешет. Көпчүлүккө жагыш кыйын.

Бир жолу бир унааны оңдоп бүтүп от алдырсам жүрбөйт. Бардыгын эле жакшылап карап чыккандай болдум эле деп менден улуу, көп жылдык тажрыйбасы бар уста акеге «карап берип коюңузчу» дедим. Ал унаанын алдын ачып эле: «Шнурларды дагы ушинтип тагабы? Тескери орнотуп коюптурсуң» деп аябай күлдү. Ошондон тарта шнурларга өзгөчө көңүл буруп орнотом», - деди ал.

Каныбек уста 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×