Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 12.07.2019 17:08

Айыл турмушу: Таластык уста Ж.Рыскулбеков буйрутма менен түрдүү ат жабдыктарды жасайт (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 33 жаштагы тургуну Жоомарт Рыскулбеков ат жабдыктарын жасап киреше табат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкты таякелеринен үйрөнгөн.

«Мен мектепти бүткөндөн бери таякелеримден үйрөнгөн ишти алып келе жатам. Мектепте окуп жүргөндө өзүм үчүн көп маани бербестен жасап келсем, азыр кардардын буйрутмасын алып, кылдат мамиле менен жасайм. Күмүштөн зер буюмдарды да жасайм. Азыр ага көп буйрутма болбогондуктан таштап койдум. Мага күмүшкө же жөнөкөй жука темирге чегип кооздук жараткан жагат. Кээде жасаган жыгач эмгектериме темир каптап, аны чегип кооздоп коём.

Жүгөндөрдү жиптерден, кайыштан 12 өрүм менен өрөм. Жиптерди түрлөп базардан сатып келип коём. Камчы өрүп, ээр чаап, жүгөн өрүп, тердик тигип, ат жабдыктарын жасайм. Жасаган эмгектерим сакталып турбайт, баары сатылып кетет. Көбүнчө айыл ичинен буйрутмалар болот. Кайыштан жасалган бир жүгөн 4000 миң сом, түстүү жиптен жасалганы 1000 сомдон болот. Кайышты өзүм сатып алып келем. Аны тандоодо дагы чебер болуш керек. Мага жаккан сапатынан алып келем. Ээрлерди жыгачтан жасайм. Кыргыз ээрлерге басым коём. Себеби орус ээрлер жайылып отуруп, кыргыз ээрдин маанилүүгү унутулуп бара жаткандай.

Айылдан кызыккан балдарга дагы үйрөтүп калам. Алар ээр чапканды билип калышса, кайра кийинкилерге үйрөтүшсө, биздин салттуу ээрлер көп колдонулат эле. Бир ээрди 2 күндө бүтүп коём. Жыгачты алып келип камдап алам. Атайын устаканам жок, буйруса курууну пландап жатам.

Азыр тердик жасап жатам. Аны кайыштан жана таза кийизден кабаттап жасаса болот. Жасаганымды жасагандай алып кетишет. Тердикти 800 сомдон сатам. Айылда мал, жылкы баласы деген көп эмеспи. Аларга жабдык керек, ошондуктан буйрутма берип жасатып алышат. Мен дагы жылкыга жакынмын. Атка жоор кылбаган ээр, ыңгайлуу жүгөн тагылса ал дагы көңүлдүү жүрөт. Жылкы баласын ата-бабаларыбыз дагы сыйлап келишкен. Үзөңгү дагы жасайм, бирок көп эмес. Устаканам даяр болгондо темирге байланышкан жумуштарга толук киришем», - деди ал.

Уста 6 бир туугандын улуусу, бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×