Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуТалас району 13.07.2019 11:13

«4 саат издеп таба албай, башыбызды мыкчыдык»: Иттин уясына кирип уктап калган бала. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылындагы 10 жаштагы эгиздер Шах Сманалиев менен Заада Сманалиевага бир ысымды бөлүп ыйгарышкан. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Заада: Атыбызды 80 жаштан ашып калган чоң атам койгон экен. Көп адамдар «эмне деген ат коюп коюшкан?» деп таң калышат. Бизге бир атты бөлүп, Шах жана Заада деп койгон экен.

Апасы Майрам: «Даңазалуу доор» деген кино белгилүү болгондо балдарым көрүп калып, «апа, биздин аттарыбызды айтып жатат» деп чуркап келишкен. Чоң кайын атам ысымдарын китептен карап, азан айтып, бир ысымды бөлүп койгон. Китеп боюнча мааниси бизге белгилүү эмес, бирок кино боюнча шахзаада султандын ордун басчу бала болот экен. Биринчи Шах балам 3 кг, экинчи Заада кызым 2 кг ашык болуп төрөлүшкөн. Бала багуу оңой эмес, эгиз балдарды улуу кыздарым багып жардамдашкан. Шах ыйлаак жана бейбаш болду. Азыр дагы ошондой сапаттары бар, бирок эпчил.

Шах: Мен сабактарды орто окуйм, Заада жалаң 5 деген баа алып келет. Экөөбүз бир класста окубайбыз. Бейбаштыгымдан бөлүнүп окуп калганбыз. Мен 4 «А»-класста, түгөйүм 4 «Б»-класста окуйбуз. Мектептен ар бир сабак бүтөрү менен көрүшүп турабыз (күлүп). Бири-бирибизди бат издешип калабыз. Атам дагы экөөбүздү ажыратпайт.

Журналист болоюн деген кыялым бар. Сыналгыдан жаңылыктарды көп көрөм. Бош убакта сыртка чыгып балдар менен футбол, үйгө келип түгөйүм менен шахмат ойнойбуз.

Заада: Быйыл 4-классты бүттүк. Шахтын сабактары боюнча үй тапшырмасына дайыма жардам берем. Келечекте мугалим болоюн деп жүрөм. Сабак өтүп, балдарга көп нерсени үйрөткүм келет. Мугалимдин сөзүн бардык балдар угушат. Келечектеги окуучуларым менин дагы сөзүмдү угушат (күлүп).

Түгөйүм экөөбүз бир нерсени талашабыз, кайра бат элдешип алабыз. Шах бышык жана боорукер дагы. Менде бош убакыт болгондо сүрөт тартам. Жаратылышка жакынмын, пейзажды көп тартам. Мектептеги иш-чараларда бий бийлеп, ыр ырдайм. Самара Каримовадай болуп ырдасам деп кыялдана берем.

Биз эмне жесек дагы бөлүшүп жейбиз. Бирөөбүз жок болуп калсак дагы бөлүп коюп күтөбүз. Эгиз болгон жакшы, бири-бирибизге жардамдашып, коргоп турабыз. Кийин бүлө куруп кетсек дагы бири-бирибизге барып турабыз (күлүп).

Апасы: Балам шок болуп, кичинекейинде далай көйгөйлөрдү жаратчу. Чөптөрдү өрттөп, балдарды сабап, аттын астына кирип кетчү.

Бир күнү мен суу алып келгенге жолдун ары жагына барып, кайра келсем үйдөн кара түтүн чыгып жатат. Меште күйүп турган отко кышкы бут кийимдердин баарын салып жибериптир. Ал күнү барайын деп камданып турган жагыма барбай калгам (күлүп).

Бир күнү Шах жок. 4 саат издедик. Шахтын бейбаштыгынан улам берки балдарым дагы кагуу жешчү. Тегерегибизде суу бар болгондуктан аны бойлой издедик. Жок. Эми кайсы жактан издесек деп башыбызды мыкчып отурсак, бир убакта иттин уясынан чыгып келе жатат. Көрсө ал жакка кирип уктап калыптыр (күлүп).

Эки тондуу болушса дагы бири ооруса, экинчиси кошо ооруйт. Дароо эмес, 2-3 күндө экинчиси ооруйт.

Эгиздер 4 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×