Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.07.2019 12:15

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык Айжылдыз башкаларга жаа атууну үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 16 жаштагы тургуну Айжылдыз Талимова жаа атуу өнөрү менен ийгилик жаратып, учурда жаа атууну башкаларга да үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл айылдагы Ү.Акынбеков атындагы орто мектепте 10-классты аяктады.

«5 жылдан бери жаа атуу менен машыгып, мелдештерде ийгиликтерге жетип жатам. Мен жаа атууну тандап калганыма атамдын жумушу түрткү болду. Анткени атам салбурунду жетектейт. Үйгө жаа алып келип калганда менде кызыгуу пайда болчу. Аны атууга шашыла берчүмүн. Албетте башында ойноп эле атып келсем, азыр катуу машыгуунун үстүндөмүн. Бардык ыкмаларын мага Атам Куттубек Өзүбеков үйрөткөн. Ат үстүндө жана жөө жаа атуу же салттуу жаа атуу деп бөлүнөт. Мен жөө атуу түрү менен мелдештерге катышам. Байгелер акчалай түрүндө көп болот. Андан башка грамота жана дипломдорго ээ болгом. Ийгиликтерим азырынча Кыргызстандын ичинде болуп жатат. Эң алгачкы жолу Талас облусунун 70 жылдыгында мелдешке катышып, 1-орунду алгам. Ошондон бери байгелүү болуп келем. Чет өлкөлөргө эми бара баштайм.

Мен үйдүн кичүүсүмүн, бир туугандарымдын арасынан мен гана спорттун бул түрүнө кызыгам. Жаа атып машыкканда эс алам, күч топтойм десем болот. Негизи жаа атууда күч жана кызыгуу болуш керек. Азыркы учурда такай машыгуунун үстүндөмүн. Бир эле жума атпай калсам, колумдун эби келбей кыйналам. Азыркы учурда үйдөн эле машыгам. Өткөн жылы облустар аралык мелдешке катышып, мен каалабаган орунду алып, маанайым чөгүп калды. Маанайым жок келе жатсам атам машыктырган бир окуучу менин маанайымды көрүп, өзүнүн медалын берген. Ал чет өлкөлөргө чыгып жүргөн ийгиликтери көп жаачы.

Биздин жашта 30-35 метр аралыктан атабыз. Үйдөн машыкканда 40-45 метрге чейин атам. Машыгып жатканда атам бир топ тактикаларын үйрөтөт. Ийгиликтеримдин себепчиси атам. Мени тааныган балдар-кыздар үйгө келип, кызыгып жаа атып, үйрөнүп турушат. Алардын көпчүлүгү кичинекей болгондуктан өздөрүнүн жаалары жок. Менин 2 жаам бар, ошону менен машыгабыз. Берилип атып жатып, күн батып калганын байкабай калышат (күлүп). Жааны туура кармап, туура чоюп, колдун шилтеми ачылып кетиши керек деп үйрөтөм. Ошондо жебе туура кетет. Жаа менен катар эле жебелер дагы бөлүнөт. Ар бир аралыкка өзүнчө жебе болот. Мисалы, оор жебе менен алыскы аралыкка атууга болбойт. Жаа атууда таамай атам деп ойду бир жерге топтойбуз. Ошондо ийгилик болот. Атып эле убакытты кетирбей, булчуңдарды даярдап, ага карата көнүгүүлөрдү жасайм. Чуркап турам», - деди ал.

Жаачы кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×