Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.07.2019 17:50 На русском

Ысык-Көлдө «BMW E34» унаасы 18 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп кетти

иссык-кульский район
иссык-кульский район

Turmush -  Ысык-Көл районунда 18 жаштагы жигитти жеңил унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул маалыматты ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 11-июлдан 12-июлга караган түнү саат 03:00 чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында катталган. Чолпон-Ата шаарынын 1991-жылы туулган тургуну С.А. «BMW E34» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жолдун боюнда жөө бара жаткан Бактуу-Долоноту айылынын 2001-жылы туулган З.Н. аттуу тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Жол кырсыкка айдоочунун жогорку ылдамдыкта бара жаткандыгы жана рулга ээ боло албай калгандыгы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×