Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 14.07.2019 14:50

Эгиздер: Бектурган куудулданып жүрүп, түгөйү Айтурганга каймана ат жармаштырып койгон (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылындагы 12 жаштагы эгиздер Арстаналы кызы Айтурган менен Арстаналы уулу Бектурган үйдөн бат урушуп, бат табышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Апасы Мунара: Эгиз балдарым өзгөчө таланттарга бай. Бир карап куудулдугуна күлсөк, бир карап мээнет кылып, кандай жумуш болбосун барына жетишип эмгектенгенин көрүп кубанабыз. Кайын агам Бузурман Одуракаев деген артист киши. Ошол тараптан балама куудулдук талант өткөн деп билем.

Аттарын кайын энем койгон. Эгиздер кыз жана уул болсо да аттары уйкаш болушу керек деп Айтурган жана Бектурган деп ыйгарган. Биздин 6 балабыз бар. Эгиздер алардын ортончусу (3-4). Балдарым 2 тондуулар болуп, Айтурган 2 кг, Бектурган 1,9 кг салмакта төрөлгөн. Балам кичинесинен эле тыпыңдап, эпчил болчу. Азыр дагы шайыр бала. Кызым бир аз оор басырыктуу.

Айтурган: Биз 5-классты жакшы бүттүк. Мен келечекте кичинекей балдарды окутуп, аларга мол билим бергим келет. Аларга сабак бериш үчүн өзүм жакшы үйрөнүп алышым керек. Андыктан мен көп окуйм. Түгөйүм менен бирөөнү туурап, бир нерсени ойлоп таап, сахналаштыра кетебиз (күлүп).

Апасы: Балам кайын агама, жолдошума кызым окшош. Экөө бири-бирине боор тартышат. Үйдөн бат урушуп, бат табышат. Бөтөн жерден жанаша жүрүшөт. Балам мектепте болгон окуянын баарын айтып, өзү жана Айтурган кандай ишке кабылганын жашырбайт.

Бектурган: Мен тарыхка аябай кызыгам. Изилдеп, изденген жагат. Менин куудулдук дагы өнөрүм бар. Мени көргөн-билгендер «куудулдук талантың чоң» дешет. Мен эч нерсени жашыра албайм. Эгизимдин ийгиликтерин баарын жарыялап айта берем. Өзү мактанганды жактыра бербейт. Ошондой эле каталарын дагы айтып коём.

Бир жолу орус тил сабагынан текстти окуп келе жатып, «тоңкоеш» деп окуп алган. Мен аны айта берип, экинчи аты дагы болуп калган (күлүп). Биз экөөбүз жүргөн жерде күлкү жаралат. Себеби мен куудулданып турам.

Апасы: Мен булар эгиз болот деп билген эмесмин. Төрөлгөндө гана билгем. Эгиздер кайын энем жакта жана апам жакта дагы бар. Ошондуктан биз дагы эгиз балалуу болдук.

Айтурган: Мен чоңураакмын, Бектурган кичинекей. Көптөрдү жакшы туурайт, актёр боло турган жөндөмү бар. Мен кыз болуп, сен бала болуп калганыңды карабайсыңбы. Кыз же экөөбүз тең бала болгонубузда окшош кийинет элек деп калам (күлүп). Эгиз болгон жакшы, бири-бирибизге жардам беребиз. Тааныбагандар эжеси жана иниси деп коюшат. Ага дагы көнүп калганбыз.

Бектурган: Мен келечекте актерлук өнөрүмдү өркүндөтүп, элге жакшы кинолорду тартууласам дейм. Азыркы кыргыз актёр Эмил Эсенбековдой «даң-даң» болгум келет (күлүп). Чет өлкөлүк актерлердон Жеки Чанды жакшы көрөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×