Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 15.07.2019 11:11

«Абышкам өзүмдөн 31 жаш улуу эле»: Упан апанын азаптуу жаштыгы, бактылуу карылыгы. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 87 жаштагы тургуну Бутешова Упан апа 35 жашында жесир калып, балдарын жалгыз чоңойткон. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Анын айтымында, 11 бала төрөп, анын бешөө кайтыш болуп кеткен. Калгандары аман-эсен.

«1934-жылы Талас районуна караштуу Козучак айылында төрөлгөм. Көпчүлүк көрбөгөндү биз көрдүк. Атам Сейдиракман согушка кеткен бойдон кайтпай калган. Апам жалгыз чоңойткон. Бала чагым согуш учуруна туш болуп, ичерге тамак, киерге кийим жок болуп, жыртык кийимдер менен чоңойдум. 1952-1953-жылдан баштап кичине кененчилик болду. Андан мурун көрбөгөнүм калган жок. Кыйын заман болгон. Аталуу деле, атасыз деле тегиз начар жашадык. Айдоо жерлер бош болуп, анын бир азын гана айдачубуз. Согуштун убагында ким айдайт? Баары согушка кетип калса, жаш балдар, чалдар, кемпирлер калып, жерлер айдалган эмес. Кичине айдалган жердеги машакты терип жүрчүбүз. Өзүм 3 класс окудум. Жыртык кийимчен жүрүп окууга дагы бара албай калдым. Мугалимдер дагы «сен 200 миңге чейин санап билип калдың, мындан башкасынын баарын билесиң» деп коюшкан. Тамгалап окуп калгам. Талаада гезит ала жүрүп окуй бергенде азыр окумак экенмин.

Талас районуна караштуу Арашан айылына 16 жашымда келин болуп келгем. Абышкам менден 31 жаш улуу болчу. 1984-жылы 74 жашка чыгып дүйнө салган. Сугатчы болуп иштеп, элге жардам берип жүрчү. Балалуу болуп бактылуу жашадык. 6 уул, 4 кыз төрөдүм. Бешөө жерде, алтоо менде. Кудайдын буйругунан эч кайда качып кутула албайт экенбиз. Жакшылык болуп, балдарымдын жамандыгын көрбөсөм дейм. Тамекиде иштеп, саанчы болуп, мал багып, иштебеген ишим калган жок. Балдарым жаш болду, мен билек түрө иштедим. Жаштайымдан мээнеттене иштеп, сыйлыктардын баарын алдым. Алардын арасынан көпчүлүгү идиш-аяк, мал болду.

Биздин көргөнүбүз курусун. Эми силердин насибиңерди жеп жатабыз. Биздин насибибиз согуштун убагы менен өтүп кетти. Балдарды окуттум. Алар жашында мен далай эмгек кылдым. Сегизинчи баламды төрөп, бир аздан кийин кайтыш болду. Тогузунчусун төрөсөм ал дагы кайтыш болду. Онунчу балам да өтүп кетти. Көзгө көрүнгөндө кайтыш болуп кетип, жүрөктү өйүдү. «Баатыр эне» сыйлыгына жеткен жокмун. Кийинки кызым 20 жыл мугалим болуп иштеп, кайтыш болду. Улуу балам да кайтыш болуп кетти. Экинчи балам сүрөтчү, калгандары ушул айылда жашашат. Мен бешинчи баламдын колундамын. Улуу кызым 60 жашка чыкты. Буйруса чөбөрө көрүп жатам, аларды жакшы көрөм. Чөбөрөнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар. 30 небере, 45 чөбөрө, 1 кыбырам бар. Тун келинимдин аты Салима, азыр башкы бухгалтер болуп иштейт. Жалпы 5 келиним бар, эми алардын келиндеринин чайын ичип, чөбөрө көрүп жатам. Улуу келиним Салима, кийинкиси Камира, Сырга, Күлүйпа жана Арзыгүл. Ар биринин жакшылыктарын абышкам көрбөсө дагы мен көрүп жатам.

Жаш кезде ала кийиз жасап, шырдак шырып, Ташкентке чейин сатып жүрдүм. 80 жашка чейин кийиз жасап, шырдак шырып, келин, балдарга бердим. Ошондо дагы иштериме жетишип эмгектене жүрчүмүн. 87 жашка чыктым дебей тиричилик кылып, чарбадагы майда-чүйдө иштерди жасай берем. Бул куракта кыймылдуу болсом, өзүм үчүн дагы, башкалар үчүн дагы жакшы. Жатып, тумоолоп калуудан кудай сактасын», - деди ал.

Небере келини Айжан айым Упан апа балдарына акыл-насаатын айтып турарын белгиледи.

«Биз чоң апам менен чогуу жашайбыз. Тиричилик кылып жардамдашат. Башынан өткөнүн айтып, «азыркы заманга ыраазы болуп, кабагым-кашым дебей эмгектене жашагыла» деп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×