Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуБаткен району 13.07.2019 15:58

Айыл турмушу: Баткендик Б.Эгембердиева короосунун бардык аянтына жалаң гүлдөрдү гана өстүрөт (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 21 жаштагы тургуну Бактыгүл Эгембердиеванын короосунда гүлдүн 25тен ашуун түрү өстүрүлөт. Аймактык кабарчы анын чарбагы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле гүлгө жакын. Гүлдөрдү Бишкектен да алдыртып турат.

«Бала кезден эле жан дүйнөм гүлгө жакын. Кошуна кыздар менен ойноп жатканда өзүнчө гүл бакчаларды жасай берчүмүн. Чоңойгондо короомду чоң гүл бакча кылам. Элдин баары суктанып эс алышат деп кыялданчумун. Азыр өзгөчө гүлдөр өскөн бакчабыз бар. Баары келип суктанып, эс алып кетишет.

Гүлдүн кандай түрү болбосун короодо өстүрүүгө аракет кылам. Бишкектен да алдырган гүлдөр бар. Ал жакта жашаган эжелериме интернет аркылуу сүрөттөрүн көрсөтүп, мага ошондой гүлдүн уругун же көчөтүн салып жиберүүнү суранам. Кайсы жерге барсам да биздин короодо өспөгөн гүл бар бекен деп гүлдөрдү карай берем. Жылдын 3 мезгилинде короодо ачылып турган гүлдөрдү көрүүгө болот. Бир гана кыш мезгилинде гүлдөгөн гүлүбүз жок. Биз короодо гүлдөн башка эч нерсе өстүрбөйбүз. Башка кошуналардыкы сыяктуу помидор, бадыраң, картошка сыяктуу жашылча-жемиштер жок, жалаң гүлдөр. Мени колдогон энеме өзгөчө рахмат. Ар дайым гүлгө болгон мамилемди колдоп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×