Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.07.2019 11:36 На русском

«Бир үйдүн жалгыз уулу эле»: Ысык-Көлдө унаа уруп кетип каза болгон бала бүгүн жерге берилет

Turmush -  11-июлдан 12-июлга караган түнү Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында 18 жаштагы бала каза болгон унаа кырсыктын чоо-жайы айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айылдаштарынын айтымында, каза болгон жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси болгон. Бир туугандары кыздар.

«Үй-бүлөдө жалгыз уул болчу. Ата-энеси жаш эле. Мал союп сатып иштечү. Ипподромдун маңдайында жол жээкте турушат. Окуя үйүнөн алыс эмес жерде болгон. Каза болгон баланын жанында дагы 2 бала болгон экен.

Ал балдардын айтымында, уруп кеткен унаа алыстан эле чайпалып, башкача келе жатканын көргөндө четке качышкан. Бирок унаа каза болгон баланы илип кетип, бир нече метрге сүйрөп барган. Унаа болсо мейманкананын маңдайындагы үйдүн кашаасын сүзүп, чарбагын аралап барып, ала салып токтогон. Ал эми каза болгон бала кашаанын арасында калган. Сүзгөн унаада 2 бала, 2 кыз болгон. Кээ бирөөлөр айдоочу мас абалда болгондугун айтып жатышат. Унааны аябай чоң ылдамдык менен айдап келе жаткан.

Негизи бизде жол жээктерибиз жасалып бүтө элек, жол жээгинде бордюр деген жок. Баланын өлүмүнө ушул нерселер да себеп болду го деп ойлоп жатабыз. Негизи жол кырсык көбөйдү. Мурунку 4 жаш баланын өмүрүн алган жол кырсык да ушул баланы сүзгөн жерден 150 метрдей аралыкта болгон эле», - деди алар.

Маркум жигит бүгүн, 13-июлда акыркы сапарга узатылат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Ысык-Көл районунда 18 жаштагы жигитти жеңил унаа өлтүрө сүзүп кеткендиги кабарланган. Жол кырсык 11-июлдан 12-июлга караган түнү саат 03:00 чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында катталган.

Чолпон-Ата шаарынын 1991-жылы туулган тургуну С.А. «BMW E34» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жолдун боюнда жөө бара жаткан Бактуу-Долоноту айылынын 2001-жылы туулган З.Н. аттуу тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Жол кырсыкка айдоочунун жогорку ылдамдыкта бара жаткандыгы жана рулга ээ боло албай калгандыгы себеп болгону айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×