Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 13.07.2019 12:32 На русском

Ошто таякесин өлтүрүп, Россияга качып кеткен адамды кармап келүү аракеттери көрүлүп жатат

Turmush -  Ош шаарында 55 жаштагы таякесин өлтүрүп, Россияга качып кетүүгө шектелген 36 жаштагы адамды кармап келүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-март күнү Ош шаарынын 1959-жылы туулган С.Х. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Ал өз арызында 1964-жылы туулган бир тууган иниси А.С. 10-марттан бери дайынсыз экендигин билдирген. Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 9-июль күнү кылмышка шектелип, Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну А.Ж. алгачкы күбө катары суралды. Ал өз көрсөтмөсүндө дайынсыз жоголду делген А.С.ны анын 36 жаштагы жээни, Ош шаарында туулуп, азыр Россиянын жараны болуп алган М.А. аттуу адам өлтүргөндүгүн айтып берген. Алар 9-март күнү Ош шаарында өлтүрүлгөн А.С.нын үйүндө отуруп, сөз талаша кеткенде жээни таякесин бычак менен жүрөгүнө сайып өлтүрүп, өлүктү Кара-Суу районунун Ак-Терек айыл аймагындагы сайдын жээгине көмгөндүгү тууралуу билдирген.

Сөөктү көмүүгө көмөктөшкөн делген шектүү А.Ж.нын жогорудагы көрсөтмөсүнүн негизинде окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, адамдын сөөгү табылган. Андан сырткары көмүлгөн жерден далил буюм катары анын кийимдери да алынган. Каза болгон. А.С.нын туугандары кийимдери ага таандык экендигин тастыкташкан. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Аталган факт боюнча шектелген А.Ж. 10-июлда 2 айга камакка алынды.

Ал эми А.С.ны өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы жээни М.А. Ош шаарында өзүнүн апасы А.Р.га таандык үйдү сатып, Россияга качып кетип, ошол жакта эмгектенип жүргөнү аныкталды. Аны менен тергөө кызматкерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, тиешелүү суроолорду бергенде М.А. кылган күнөөсүн мойнуна алган. Азыркы күндө шектүү М.А.ны кармап келүү иш-чаралары жүрүп жатат.

Күбө катары суралган 30 жаштагы А.Ж.

күбө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×