Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуБаткен району 14.07.2019 21:21

«1 литри 100 сомдук жарма»: Баткендеги пенсионер Карамат апанын айылдагы бизнеси. Видео

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Карамат Закирова 60 жаштан ашканына карабай ишкерлик кылып киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдагы эс алуучу жайда жарма жасап сатат.

«Өткөн жылы ушул өзүбүздүн Кара-Булак айылынын чет жагындагы жерди ижарага алып, эс алуучу жайга айлантканбыз. Азыр эл келип, эс алып кетишет. Аларга дагы жакшы шарт түзүп, жарма жасап сатып жатам. Чынында жарма пайдалуу суусундук. Чаңкаганда суусаганыңды кандырат. Мен жарманы жаш кезимде апамдар жасаганын көрүп үйрөнгөм. Мында буудайды тегирменден өткөрүүдө ундай майда кылбай, чоңураак кылып тарттырат. 1 кг жеткирбей казанга кууруп, ага 2-3 чака суу куябыз. Жарма даяр болгондо 2-3 литр айранды аралаштырып коёбуз. Жарма 1 күндө даяр болот. Күндө жасаган жармамды күн сайын кардарлар алып кетишет. 1 литрин 100 сомдон сатып киреше таап жатам.

Пенсиядамын деп балдардын колун карап отуруу керек эмес. Жашап жатасыңбы, күрөшүш керек. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. Пенсияга чыкканча билим берүү тармагында эмгектендим. Азыр күйөөм менен ишкердик кылып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×