Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 14.07.2019 12:51

Баткенде «Хонда Одиссей» менен «Хово» кагышып, адам өмүрү кыйылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 14-июлда саат 08:30 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында 2 унаа кагышып, 36 жаштагы айдоочу мерт кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Одиссей» унаасы менен оор жүк ташуучу «Хово» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Хонда Одиссейдин» 36 жаштагы айдоочусу — Баткен шаарынын тургуну Р.И. каза болгон. «Ховонун» айдоочусу З.С. экендиги такталды.

Окуя болгон жерге ӨКМден 7 куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышты. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×