Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 15.07.2019 12:30

Ак-Буура суусуна кулаган унаада 4 адам болгон

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Ноокат районунун аймагында сууга кулаган унаада жалпы 4 адам бара жаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ОшПапанКожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаа кулап кеткендиги тууралуу маалымат түштү. Унаада 3 эркек киши, 1 аял болгон.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 19 куткаруучу чыгып, 14-июлда саат 19:50 чамасында эркек кишинин (1963-жылы туулган Р.И.) жансыз денеси табылды. Караңгыга байланыштуу саат 21:40 чамасында издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн издөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×