Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 15.07.2019 13:08

«Идиш-аяк кагышат, бирок ортодогу сезимди өчүргөн жокпуз: Депутат айымдын махабаты жана турмушу. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районунун 48 жаштагы тургуну Калича Барпиева 6 жылдан бери райондогу 20 депутат мырзанын арасында жалгыз депутат айым болуп эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын кызы. Документтеги ысымы — Калича. Бирок көпчүлүк Аида деген ысым менен таанышат.

«Мен чычар уруунун кызы болом. Кайын энем дагы чычар уруусунун кызы болот экен. Жаш кезимде азыркы улуу абысыным үйгө конокко келип калып, «кайын иним бар, тааныштырайын» деп калды. Ал учурда мектепте пионер башчысы болуп иштеп, сырттан окуу бөлүмүндө 2-курста окуп жүргөм. Ата-энем дагы ошол эле Чоң-Кара-Буурадагы мектепте мугалим болуп эмгектенишчү. Мугалимдердин кызы болгондуктан мектепти жакшы баага окуп бүткөм. Тилекке каршы атам мен мектепти аяктап жаткан маалда каза болуп калды.

Кайын журт тарабым апамдын алдына келип, менин колумду сурашты. Апам «Жакын жер, бир чети эжебиз дагы болуп кетет экен. Мындан артык кандай жерге барасың? Ушул жигитке турмушка чык» деди. Биз улуулардын айткан сөзүн эки кылбай эле макул болуп, турмуш курчубуз. Ошентип жолдошум Сейитказы менен тааныштым. Менден 6 жаш улуу экен. Мага бир көргөндө эле жакты. Көзүмө жапжаш, таптатынакай көрүндү. Ал куруучу болуп иштечү экен. Бир көргөндө эле жылдызыбыз келишип, үй-бүлө курдук. Ушул убакка чейин бактылуу өмүр сүрүп, чоң ата, чоң эне болуп отурабыз. Үй-бүлө болгондон кийин идиш-аяк сөзсүз кагышат. Чыдамдуу, сабырдуу болсоң баарын жеңесиң. Биздин деле турмушта майда-барат идиш-аяктар кагышып турганы менен ортодогу сезимди өчүргөн жокпуз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле 26 жыл мектепте мугалим болуп иштегенин кошумчалады.

«Келин болуп келгенден кийин окуумду аяктап, айылдагы мектепте 26 жыл кыргыз тил, адабиятынан мугалим болуп эмгектендим. Жакшы жетишкендиктерге ээ болуп, директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дагы иштедим. Бир гана мугалимдик кесипти аркалап отуруп калганым жок. Өзүм коомдук иштерге активдүү катышканды жакшы көрөм. Кандай гана иш-чара болбосун биринчилерден болуп оозунам. Учурда Чоң-Кара-Буура айылындагы аялдар кеңешинин төрайымы, «Датка айым» ак элечек апалар тобунун мүчөсүмүн. Райондук кеңештин 6-7-чакырылыштагы депутатымын. 6 жылдан бери депутат 20 мырзанын ичинде жалгыз айым болуп иштеп келе жатам. Эл шайлап жаткандан кийин элим үчүн деп кызмат кылып, бир аз болсо да жыйынтык көрсөттүм.

Айылыбызга таза суу чыгарууга, Кара Буура айылына ФАП курууга жардам бердим. Жасалып жаткан эмгектерим бааланып, Жогорку Кеңештен «Датка айым» төш белгиси менен сыйланып келдим. Андан башка «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисин, «Ч.Айтматов» төш белгисин алгам. Сыйлык алган сайын татыктуу иш жүргүзгөн экенмин деп кубанып калам. Мунун баарына жолдошумдун салымы чоң. Мени ар тараптан колдоп, кайсы жерде болбосун жанымда жүрөт. Ортобузда 3 уул, 2 кыз, 4 неберебиз бар. Чоң ата, чоң эне, таята, таене болуп турган убагыбыз. Бирде барчылык, бирде жокчулук менен, ак эмгегибиз менен балдарыбызды эл катарынан кем кылбай чоңойттук эле. Эми алардын балдарын жетелеп жүргөн убагыбыз. Небере жетелеп жүргөн учур өмүрдөгү эң ширин нерсе экен.

Бир гана иш деп жүрө бербейм. Эс алууну дагы билишибиз керек. Бош күндөрү китеп окуп, мазмундуу, ырларды ырдаганды жактырам. Негизи ырга жакынмын. Жакшы ырдайм десем дагы болот», - деди депутат айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×