Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 15.07.2019 13:35

Ош шаарындагы өзгөрүүлөр же Таалайбек Сарыбашовдун 1 жылда аткарган иштери. Видео

Turmush -  Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болгонуна быйыл 1 жыл болду. Ушул 1 жылдын аралыгында шаарда кандай жумуштар аткарылды, эмнелер өзгөрдү? Суроолорго Ош шаардык мэриясы жооп берди.

«Т.Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен көчөлөрдү кыдырып, тынымсыз рейддерди өткөрүп келет. Ал кызматка келгенден кийин мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүп баштады. Тактап айтканда, Кулатов (Западный) кичи районунда баш аламан жайгашкан соода түйүндөрүн алдырып, учурда ал жерде заманбап аллеянын курулушу жүрүүдө. Көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасадын жаңылоо боюнча демилге көтөрүлүп, үлгү катары Кулатов кичи районундагы эки көп кабаттуу үйдүн сырты, балдар аянтчалары, жолдор жаңыланган. Ошондой эле шаардагы 30дан ашуун көп кабаттуу үйдүн сырты боёлгон. Сырдоо иштери уланууда», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Алардын маалыматына караганда, «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп аталып, маданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Эл аралык маанидеги салтанатка түрк тилдүү өлкөлөрдөн коноктор келип, туристтердин саны көбөйгөн.

Ошондой эле мэр унаа токтотуучу жайларга акы алууну жокко чыгарды. Шаардын 2019-жылдагы бюджети 1 млрд 127 млн сом болуп бекитилген.

«Ош шаарын өнүктүрүү программасынын алкагында ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүү боюнча иш алып барып, жеке ишкерлер тарабынан жаңы ишканалар ишке киргизилди. Текстиль фабрикасын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында “Кыргыз текстиль ЛТД” ЖЧКсына Кең-Сай массивинен 25 гектар жер бөлүнүп берилип, курулуш иштери жүрүүдө. Долбоордун биринчи этабында 700 жумуш орун түзүлөт», - деп билдиришти мэриядан.

Маалыматка караганда, ишкана толук кандуу ишке киргизилгенден кийин жалпы 7 миң жумуш орунун түзүү жана 38 млн доллар инвестиция тартылары пландаштырылган.

Учурда бир катар ишканаларды ачуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат:

- «Полипласт» ишканасы — цемент салына турган кап чыгаруучу цех;

- «Кыргыз Унаа Курулуш» ишканасы — гидротурбина, насос, генератор, станок чыгаруучу цех;

- «ЖБИ-20» ишканасынын базасында желим түтүктөрдү чыгаруучу завод;

- «ЖБИ-20» ишканасынын базасында эт комбинаты;

- «Дастан-Стиль» ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн экинчи тигүү цехи.

Таза суу менен камсыздоо

Шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган «Ош шаарынын таза суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасында тендерлер өткөрүлүп, бүгүнкү күндө суу өлчөөчү 10 миң даана прибор орнотуу үчүн алынып келген. Ал эми «Жапалак» айыл аймактык башкармалыгынын калкын таза суу менен камсыздоого 6000 куб метр суу кампасын куруу үчүн тендер жарыяланып, аны 42,4 млн сомго «Изоэл» ЖЧКсы утуп алган жана жумуштар башталуу алдында турат.

Социалдык объектилердин курулушу

Мэриянын маалыматына караганда, быйыл жергиликтүү бюджеттен эки бала бакчанын курулушуна каражат бөлүнүп, учурда 120 орундуу бала бакчанын имаратынын курулушу башталганы турат. Ал эми 100 орундуу жана сметалык баасы 40,5 млн сомду түзгөн бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланып, аны 23,7 млн сомго «Мираж-Профи» ЖЧКсы жеңип алган. Андан тышкары жеке менчикке берилген мурдагы бала бакчалардын имараттарын кайра кайтарып алуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. «Коопсуз мектеп», «Коопсуз бала бакча» долбоорлорунун алкагында 53 мектеп, 40тан ашуун бала бакчаларда сырткы видеокамералар орнотулган.

«2018-2019-жылдары 2,6 км жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы конуштагы жалпы 6 км жолго шагыл төгүлгөн. Жол тыгындарын азайтуу максатында узундугу 2,4 км болгон А.Шакиров көчөсүн реконструкциялоо иштери башталды. Жол 20 метрге кеңейтилип, эки тарабына тротуар курулат. Мындан тышкары Асранкулов көчөсүнө, Черемушки кичи районуна да тротуар куруу иштери уланууда.

А.Навои көчөсүндөгү Як-Калик каналы аркылуу өтүүчү узундугу 9, туурасы 20 метр, сметалык баасы 14,4 млн сомду түзгөн авариялык абалдагы көпүрө реконструкцияланып пайдаланууга берилди. Жолдорду жарыктандыруу боюнча 36,7 километрге электр зымдары тартылып, 1 миң 334 даана чырактар орнотулган. 2019-жылы эки сквер демөөрчүлөрдүн жана эл аралык уюмдун жардамы менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Учурда Кулатов кичи районундагы аллеянын курулуш иштери жүрүүдө. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан бул аллеянын узундугу 850 метрди түзөт. Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо иштери соңуна чыгууда. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган «Коомдук транспортту жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортторго электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган система киргизилүүдө.

Ипотекалык негизде сметалык баасы 254 млн сомду түзгөн 80 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушуна тендер жарыяланган. Ошондой эле 2 оорукана, 1 фельдшердик–акушердик пункт ( Жапалак айыл аймактык башкармалыгындагы) пайдаланууга берилди. Алар Кытай Эл Республикасынын 181 млн юань гранттык каражатынын эсебинен курулган.

А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2019-жылдагы республикалык бюджеттен 10 млн сом каралып, курулуш иштери толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилген. Анын курулуш иштерине демөөрчүлөр тарабынан 12,6 млн сом берилген.

Ошондой эле Иран мамлекети тарабынан бөлүнгөн гранттык каражаттын эсебинен келишимдик баасы 73,7 млн сомду түзгөн спорт комплекстин курулушу башталды.

12 аймактык кеңештерди ирилештирүү жолу менен 6 муниципалдык аймактык башкармалык түзүлүп, маселелерди жеринде ыкчам чечүү максатында башкармалыктарга айрым ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×