Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 15.07.2019 13:57

Ак-Талаада 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Базаркулов атындагы мектептин алдын 120 миң сомго тосуп беришти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин алдын темир тосмолор менен тосуп беришкендигин бүтүрүүчү Бекзат Матенов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мындан 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү же тактап айтканда 1982-жылкы классташтар мектептин алдын темир тосмолор менен тосуп беришкен. 70 миң сомго темир материалдар алынып, тосуу иштерин мектеп жамааты жасаган. Жалпы 120 миң сомдук иш аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×