Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 15.07.2019 14:22

«Азыр баары «братан» деп кайрылышат»: 13 жаштагы Айа балдар менен кошо машыгып, боксту өздөштүрдү. Сүрөт

Turmush -  Талас шаарынын 13 жаштагы тургуну Айа Куттубекова балдарга кошулуп, бокс менен машыгып жатат. Аймактык кабарчы спортчу кыздан кабар алды.

Анын айтымында, быйыл 7-класска көчүп жатат. Спортко кичинекей кезинен бери кызыгат.

«Спортко катышуума чоң апам каршылыгын көрсөткөн. «Кыздар дагы бокска катышчу беле, болбойт» деген. Атам болсо макулдугун берип жөнөттү. Кийинчерээк убакыттын өтүшү менен баары көнүп кетти. Эч бирөөсү барба дебей, тескерисинче бара бер деп колдошту. Машыктырган агайым Алик Алиев. 53 кг салмакта күч сынашам. Бирок кыздар арасында менин салмагымдагылар жок болуп, көп таймаштарга катыша албай калам. Бирок мелдештерде сөзсүз ийгиликтерди жаратам деген ойлорум бар. Азыркы учурда ден соолугума байланыштуу мелдештерге чыга элекмин. Өзүм спорт менен машыкканыма 1 жылдан ашты. 5 ай кикбокс менен машыктым. Бирок машыктырган агайыбыз жок ал ийрим убактылуу жабылгандыктан, калган 5 айда боксту үйрөндүм.

Спортко жаңы катышып жүргөндө залда кыздардан мен эле болчумун. Бирок мага чейин дагы кыздар болгон экен. Мен балдардын арасында жалгыз кыз болуп машыгып жүрүп боксту үйрөнгөм.
Жаңы барганда уялып, болду келбейм го деген ойлор болгон (күлүп). Чоң акелер машыкканга мүмкүнчүлүк берчү. Кичинекей балдар мени бөлүп коюшчу. Катарга турганда дагы «коюңузчу агай, мен ушул кыз менен турамбы» деп бөлүп коюшчу. Агай болсо «сен биринчи урушуп көрчү» деп айтчу. Азыр баары «братан» деп кайрылышат», - деди ал.

Мушкер кыз 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×