Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 15.07.2019 15:21

Кризистик борбордун жетекчилери 2 жолу зордукталган делген келиндин ишине кайдыгер карабоого чакырышты. Видео

Дарика Асилбекова жана Наргиза Ештаева
Дарика Асилбекова жана Наргиза Ештаева

Turmush -  2 баланын энеси, сот аткаруучулар тарабынан эки жолу сексуалдык зомбулукка кабылганын айткан Талас облусунун тургуну А.Калиянын иши бүгүн, 15-июль күнү Жогорку сотто каралып жатат. Бул тууралуу Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова жана «Аруулан» кризистик борборунун жетекчиси Наргиза Ештаева билдирди.

Алардын айтымында, А.Калия 2013-жылы декабрь айында Талас шаарында сот аткаруучулар тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган жана ошол күндөн бери соттук териштирүүлөр уланууда.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, бул ишке укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аралашканы жана шектүүлөрдүн жоопкерчиликтен качууга болгон аракети нааразычылыктарды жаратууда.

«Шашылыш маалымат жыйын уюштурганыбыздын себеби 6 жыл мурун сексуалдык зомбулукка кабылган келиндин иши кайра козголду. 6 жыл мурун таластык келин укук коргоо органдары тарабынан эки жолу зордук-зомбулукка кабылган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айыпты келиндин өзүнө оодарууга аракет кылып жатышат. Талас шаарында жашай албай Бишкек шаарына барса, ал жактан да тынч жашатпай, коркутуп жатышыптыр. Азыркы учурда А.Калиянын өмүрү коркунучта. Биз бир эле фактыны айтып жатабыз. Биз мындай фактылардын 100дөн бирөөнү гана массалык маалымат каражаттарына чыгарабыз. Мындай фактылар менен келген келиндер жабыркаганы далилденип турса дагы, алар кайра арыздарын алып коюп жатышат. Ошондуктан биз укук коргоо органдарына ишенбей калдык. Соттор кандай кызыкчылыкты көздөп жатышат?», - деди Д.Асилбекова.

«Аруулан» кризистик борборунун жетекчиси Наргиза Ештаева да А.К.нын ишине кайдыгер карабоого чакырды.

«2013-жылы 30-декабрда Талас шаарында сот аткаруучулар А.К. аттуу келинди чакырышып, унаасына салышып, таң аткыча зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Кийин кайра бет кап кийип барышып, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Биз кайсы региондо болбосун мындай ишке кайдыгер карабашыбыз керек. Биз Кыргызстанда жашап жатабыз. Бүгүн Калиянын иши боюнча Жогорку сотто отурум болот. Биз соттордон адилеттүүлүктү күтөбүз», - деди Н.Ештаева.

Буга чейин Талас шаардык соту келинди зордуктоого шектелген сот системасынын 3 кызматкерине карата актаган өкүм чыгарга.

Маалымат толугу менен бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×