Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 15.07.2019 16:22 На русском

Тойдон кайткан туугандардын унаасы сууга кулаган: Дарыядан эне-бала изделүүдө

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунда Ак-Буура дарыясына унаа менен кулаган туугандардын ичинен эне-бала табыла элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Turmush басылмасы буга чейин Ноокат районунун аймагында сууга кулаган унаада жалпы 4 адам бара жатканын жазган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымынан Ак-Буура суусуна «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаа кулаган. Унаада 3 эркек киши жана 1 аял болгон.

Издөө иштерине жалпы 19 куткаруучу тартылып, кечээ, 14-июлда саат 19:50 чамасында эркек кишинин (1963-жылы туулган Р.И.) жансыз денеси табылган. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу саат 21:40 чамасында издөө иштери убактылуу токтотулган болчу.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмоновдун айтымында, бүгүн, 15-июлда 1946-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандын денеси табылды. Учурда издөө иштери уланып, 1960-жылы туулган И.Р. жана анын 1985-жылы туулган уулу А.Э. изделүүдө.

Маалыматка караганда, унаадагылар Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Бел айылынын тургундары болушкан. Алар 14-июлда Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы тойдон келе жатышкан. Издөө иштерине 65 куткаруучу жана 65 жергиликтүү тургун чыкты.

Унаада туугандар болгону айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×