Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.07.2019 18:53 На русском

«Шоколад» талаа: Байзактык дыйкандардын эмгегин кыян алып кетти

Turmush -  Жумгал районунун аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Байзак айылындагы 16 га сугат жер жараксыз абалга келди.

Дыйкандардын айтымында, 14-июль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында айылдагы Ак-Таш адырынан түшкөн кыян Жаңы-Арык каналын жана Чолок, Кармыш арыктарын жарактан чыгарган. Сел жүргөн аймакка ӨКМдин кызматкерлери келип, жалпы 15-16 га жер жараксыз абалга кептелгенин аныкташкан. Ал эми дыйкандар тарткан чыгым эсептелип жатат.

«Кыян суунун кесепетинен эгин талаалар, айдоо аянттар жана суу каналдар талкаланды. Талаа "шоколадга" айланды. Сары-Булак—Ак-Таш жолу да жараксыз абалга кептелди», - дейт дыйкандардын бири Канат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×