Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.07.2019 13:51 На русском

Арстанбапта туристтерди ташыган унаанын эшиги ачылып кетип, айдоочунун аялы башы менен кулап каза болду

Turmush -  17-июлда Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында туристтерге кызмат көрсөткөн айдоочунун аялы унаа кырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү Арстанбапка эс алууга келген туристтерди шаркыратмага ташып иштечү. 17-июль күнү жумушун аяктап, жубайын алып үйүнө бара жаткан. Жолдон унаасынын эшиги ачылып кетип, жубайы кулап түшүп каза болгон.

«Турбазадан Гумкана айылын көздөй бара жатышып, асфальт жолдо эле кырсыкташыптыр. Унаанын ээси бизге окшоп элди ташып иштечү», - деди айдоочулар.

Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да тастыктап, окуя Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо ресстрине кокустук катары катталганын ырастады.

«17-июль күнү 1994-жылы туулган А.А. атуу адам өзүнүн «УАЗ» үлгүсүндөгү унаасы менен саатына 20 км ылдамдыкта бара жатканда унаанын арткы эшиги кокусунан ачылып кеткен. Унаанын артында бара жаткан Ш.З. аттуу жубайы жерге башы менен кулап түшкөн. Келин алган жаракатынан улам ооруканада жан берген. Бул окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×