Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.07.2019 17:16 На русском

4 теректи, үйдүн дубалын сүзгөн: Кара-Сууда кырсыкка кабылгандар документ жана акчаларын таппай калышты

Turmush -  Алай районунан Ош шаарына бара жаткан унаа 4 теректи жана үйдүн дубалын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

15-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Ош—Гүлчө унаа жолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында «Субару Легаси» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Унаа жолдун четиндеги 4 теректи сүзүп, андан кийин үйдүн дубалын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2 жүргүнчү катуу жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Кырсык болгон учурда жабырлануучулардын документтери, капчыгындагы акчалары жоголгонун алардын туугандары билдиришти. Ал эми унаанын айдоочусунун жакындарынын айтымында, милиция кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алышкан эмес.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка кабылган айдоочу унаасын жакында гана алган жана айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Учурда ооруканада айдоочу жана 2 жүргүнчү жатат.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, 2 бейтап сыныктар бөлүмүндө, бирөө нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Кырсыкка кабылгандар:

- Айдоочу Н.у.У., башынан жаракат алган;

- Н.у.У., жамбаш сөөгүнөн жаракат алган;

- Т.У., далысынан жаракат алган.

Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Алардын маалыматына караганда, унааны 1994-жылы туулган Н.уулу У. башкарып бара жаткан. Унаанын жүргүнчүлөрү Алай районунун тургундары — 1995-жылы туулган Т. У. жана 1994-жылы туулган К. уулу Б. болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×