Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 23.07.2019 17:55 На русском

Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды

город Ош
город Ош

Turmush -  Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчисинин орун басары болуп Замира Жусупова дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка аталган муниципалдык ишкананын жетекчиси кол койгон.

З.Жусупова буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгында иштеген. Ал бул кызматка Данияр Токторбаевдин ордуна келди. Ал эми Д.Токторбаев ишкананын жетекчиси болуп дайындалган.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Айгүл Наватова өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Замира Жусупова

орун басар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×