Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 26.07.2019 09:43

Ош шаарында жаңы бала бакча куруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка (Юго-Восток) жана Амир-Темир (Он-Адыр) муниципалдык аймактык башкармалыктарында бала бакча курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө бала бакча курулуучу жер курулуш иштерине даярдалууда. Жакынкы күндөрү капсула салынат. Ош шаарынын мэриясы быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган 2 кичи районго бала бакча курула турганын, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакчанын курулушу башталарын билдирген.

Мындан тышкары жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараттарын кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×