Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 27.07.2019 15:28 На русском

Видео — Ошто 6 айда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 58 жол кырсыгы катталды

Turmush -  Ош шаарында «Үгүт жүрүш-2019» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

Бүгүн, 27-июль күнү Ош шаардык ЖКККБ тарабынан «Үгүт жүрүш-2019» иш-чарасы уюштурулду. Анын максаты — жайкы эс алууда өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу.

Ош шаарынын аймагында ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 58 жол кырсыгы катталып, 69 өспүрүм денесинен ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×