Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуАлай району 29.07.2019 09:25 На русском

Алайдын Гүлчө айылында таза суу чыгаруу үчүн марафон өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында таза суу чыгарууга каражат топтоо максатында айылдын маданият үйүндө марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Марафонду Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу ачты. Ал Гүлчө айылында курулган таза суу түтүктөрү 1966-жылы курулгандыгын жана алардын узундугу 51 км түзөрүн билдирди. Анын 10 км оңдоп-түзөөгө муктаж.

Марафондо Алай районунун акими Замирбек Молдокулов тургундардын көпчүлүгү кудук казып, жер алдынан чыккан сууну пайдаланып жатышкандыгын айтты. Ошондуктан райондун борборун таза суу менен камсыз кылуу максатында 100 млн сомдук долбоор иштелип чыкканын билдирди. Долбоор боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн Айгыр-Булак суусунан 37 чакырым аралыкка созулган Гүлчө айылындагы суу кампасына суу түтүктөрү тартылат.

Марафонго райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×