Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуЧоң-Алай району 29.07.2019 10:21

Ленин чокусунан дайынсыз жоголгон россиялык жаран изделип жатат

Turmush -  Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Россиянын жараны изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан 45 жаштагы И.И. аттуу адам 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктиктен байланышка чыккан. Ошол бойдон кабары билинген эмес. ӨКМден жөнөтүлгөн 6 куткаруучу саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип, түнөп калышкан. 29-июль күнү эртең менен издөө иштери башталды.

Мындан сырткары россиялык жаранды тейлеген фирманын кайрылуусу боюнча 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулар да издөө иш-чараларына чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×