Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 30.07.2019 10:02

«Якутияда жергиликтүү бийликтен кечирим сурап жүрдүк»: Ошто миграция маселеси талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 29-июль күнү Ош шаарында чет өлкөдө иштеген мигранттардын көйгөйлөрү, тактап айтканда кара тизме, каттоого туруу, мигранттардын укуктары жана алар иштеген өлкөнүн мыйзамдары талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында өкмөттүн алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Жаркынай Галиева кыргызстандык мигранттар кабылып жаткан маселелерге токтолду.

«Кыргызстандын жарандары көбүнчө Россия, Түркия, Түштүк Корея, Казакстан мамлекеттерине иштегени барышат. Россияда 700 миңге жакын кыргызстандык жарандар кара жумушта эмгектенишет. Алар укуктарын билбегендиктен кыйынчылыктар чыгып жатат. Түркияга барып келип, Россиянын чек арасынан өтүп баратканда кыйынчылык жаралат. Ошондуктан Россиянын чек арасынан өтүүнүн оңой жолу — чет элдик паспортту алмаштырыш керек. Жарандарыбыз Россияга баргандан кийин да каттоого туруу кыйынчылык жаратат. Мыйзам боюнча кайсы жерге катталсаң, ошол жерде жашаш керек. Ал эми россиялыктар мигранттарды үйүндө жашатканы менен каттоого тургузушпайт. Алардын мыйзамы боюнча үйүндө каттоодо турган адам ал үйдү талашууга акысы бар. Ошондуктан алар чочулашат», - деди Жаркынай Галиева.

Ал бир мигранттын туура эмес жоругунан бардык мигранттар жапа чеккен учурлар көп кездешерин кошумчалады.

«Кыргызстандан барган мигранттардын көпчүлүгү такси кызматында иштешет. Алар бир жылда 200 миңдей жол эрежесин бузушкан. Якутиядагы окуядан соң мигранттарыбыз этият болуп калышты. Ошол окуя болгон күндөрү күнү-түнү Якутиянын жергиликтүү бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 3 жараныбыз үчүн кечирим сурап жүрдүк. Мигранттарды депортация кылбаса экен деп корктук», - деди Ж.Галиева.

Жыйында негизинен чет өлкөгө чыгууда эмнелерди билүү керек экендиги айтылды. Иш-чарага чет өлкөдө иштеп келген тургундар, социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери, юристтер катышты.

«Баракелде» басылмасы Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200дөн ашык адам чогулуп, миграцияга байланыштуу мыйзамды катаалдаштырууну талап кылышканын жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен жазган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай нааразычылыкка аял кишинин зордукталганы тууралуу тараган маалыматтар себеп болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, зордуктоого Кыргызстандын жараны шектелген.

«Зордуктоого шектүү адамдын сүрөтү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланган. Андан улам анын улуту белгилүү болгону айтылууда», - деп жазган «Версия» басылмасы.

Шектүү 17-мартта түнкү саат 04:00 чамасында балдар аянтынан бир аялды унаага күч менен салып, белгисиз тарапка алып кеткен. Нааразы болгон жергиликтүү тургундар ошол эле күнү кечинде чогулушкан.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы окуя тууралуу билдирүү тараткан.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын март айынын башында эки шектүү автосервистин имаратында таанышынын унаасын 5 миң рублга оңдоп беришкен. Кардар материалдык жактан кыйынчылыктарга туш болуп, жумушчуларга акынын ордуна интимдик кызмат үчүн кыз алып келип берүүнү сунуштаган. Жумушчулар макул болушкан.

«16-март күнү кечинде айыпталуучулардын бири кыз издеп чыккан. Ал Кузьмин көчөсүнүн аймагынан бир кызды көрүп калган. Унаасын анын жанына айдап барып, кызды күч колдонуу менен унаанын ичине салып, эшиктерин бекитип койгон. Кое берүүнү суранган кызга айыпталуучу жооп берген эмес жана аны салып кеткен жерден анча алыс эмес жерде зордуктап салган», - деп билдирген Тергөө комитети.

Күч структураларынын маалыматына караганда, андан кийин айыпталуучу кызды унаа оңдоочу жайга алып барып, шериктерине өткөрүп берген. Ал кыздын бут кийимине катылган чөнтөк телефонду көрүп калып, аны алып койгон жана кылмыш болгон жерден изин жашырып кеткен.

Айыпталуучунун шериктери кызга унаа оңдоочу жайдын имаратынан кетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Алардын бирөө кызга карата күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган. Эртең менен алар уктап калганда жабырлануучу окуя болгон жерден качып, укук коргоо органдарына кайрылган.

Тергөө тарабынан шектүүлөрдүн күнөөсү далилденип, тергөө жыйынтыкталган. Ал эми топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×