Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 30.07.2019 20:00

Сүрөт — Ошто эл аралык жаштар форуму өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 30-июль күнү Ош шаарында «Ала-Тоодон Кара-Деңизге чейин» аталышындагы эл аралык жаштар форуму старт алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Форумга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жаштары, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубатов, эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жолмес, Ош шаардык кеңешинин жана облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Иззат Берхмаматовдун айтымында, форумда жаштар тарабынан айтылган сунуштар боюнча резолюция кабыл алынып, тиешелүү бийлик бутактарына жеткирилет.

«Форумдун максаты — жаштар арасындагы достукту бекемдеп, жаштардын саясаттагы ордун өнүктүрүү болуп саналат», - деди И.Берхмаматов.

Иш-чаранын башында Ош шаары жана анын учурдагы орду тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле жаштар арасында өткөрүлгөн интеллектуалдык мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Форумда билим берүү, туризм, жаштар саясаты, ишкерлик боюнча маселелер талкууланат.

Аталган иш-чара «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» программасынын алкагында уюштурулган. Форумга 5 өлкөнүн 200дөй жаштары катышууда.

Иш-чара эртең, 31-июль күнү жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×