Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ноокат 31.07.2019 12:15

Ноокат шаарында 700 миң сомго тротуарлар оңдолууда

Turmush -  Ноокат шаарында унаа жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, жолдор кеңейтилип, тротуарлар оңдолууда. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Учурда шаардагы борбордук көчөлөрдүн бири болгон Ленин көчөсүнүн батыш тарабындагы тротуар оңдолуп, асфальт төшөлүүдө. Курулуш иштерине 700 миң сом каралган. Буга чейин жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып баштаган. Жумуштар толук жыйынтыктала элек. Ошондой эле үйлөргө номурлар орнотулуп, тактоо иштери жүрүп жатат.

«Ушул жылдын 1-сентябрына чейин 2020-жылдын бюджети каралып, кийинки жылы шаардын негизги көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо маселеси каралат. Курулуш иштери шаардык бюджеттен каржыланууда», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×