Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 31.07.2019 13:05

Ошто облустук соттун кызматкерлери райондордогу аксакалдар сотунун төрагалары менен жолугушту

Turmush -  Ош облустук сотунун кызматкерлери Ош облусунун райондорундагы аксакалдар сотунун төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облустук сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Элнара Мадумарова жана жарандык иштер боюнча облустук соттун коллегиясынын судьялары Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун аксакалдар сотунун төрагалары, жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери жана айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары менен жолугушту.

Жолугушууда аксакалдар сотунун төрагаларына милдеттерине байланыштуу усулдук жардам көрсөтүлсө, жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жооптуу катчылары менен жарандык абалдын актыларын каттоо, акт китептерин түзүү, жазууларды оңдоо жана өзгөртүү, калыбына келтирүү боюнча суроо-жооп иретинде талкуу болду.

Иш-чаранын соңунда облустук соттун кызматкерлери аталган райондордогу соттордун судьялары менен чогулуш өткөрүп, жарандардын ортосундагы соттук талаш-тартыштарды кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жогорку соттун токтомдорун колдонуу боюнча сунуштар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×