Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуАраван району 31.07.2019 17:25 На русском

Көчөдөн качып кеткен: 21 жаштагы Бекболот изделүүдө

Turmush -  Араван районунун 21 жаштагы тургуну Бекболот Жигитали уулу изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жигитали уулу Бекболот 1998-жылы Араван районунун Жеке-Мисте айылында туулган. Туугандарынын айтымында, ал ушул жылдын 25-июлунда саат 16:45 чамасында Ош шаарындагы Масалиев жана Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз тарапка качып кеткен бойдон дайынсыз. Туугандары тарабынан Бекболоттун психикалык жактан жабыркаганы айтылууда.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кара тору, чачы кара жана.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Бекболотту көрүп-билгендер болсо 03222 6 27 57, 0772 41 41 70, 0705 25 52 77, 0552 13 21 32 номурлары аркылуу байланышса болот.

Жигитали уулу Бекболот

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×