Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 01.08.2019 17:52 На русском

Ошто эркек кишинин денеси табылды. Маркумдун акыркы мүнөттөрү. Видео

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында денеси табылган эркек кишинин өздүгүн аныктоо үчүн милиция коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эркек кишинин денеси кечээ, 31-июль күнү Ош—Араван каналынан табылган. 28-июлда Жапалак айыл аймагында маркумдун мас абалда көчөдө жүргөнү видеокамерага түшүп калган.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кара тору, кашы жана чачы кара.

Кийген кийимдери: Үстүндө ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү жинсы шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Болжолдуу 45-50 жашта.

attention

Аталган адамды таанып-билгендер болсо 03222 6 27 57, 0772 41 41 70, 0705 25 52 77, 0552 13 21 32 номурлары аркылуу байланышса болот.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынан эркек кишинин денеси табылганын жазган.

Алдын ала маалыматка караганда, маркум сууга агып кеткен. Анын денесин жергиликтүү тургундар сууда өсүп турган бакка такалып калган жеринен көрүшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 29-июль күнү саат 16:28 чамасында куткаруучуларга Ош шаарынын Жапалак айылындагы Ош—Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×